Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/01
Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы 6-2 сандуу токтому мыйзамсыз аракеттерди жаап жашыруу максатында кабыл алынгандыктан жогорудагы токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы 6-2 сандуу токтому мыйзамсыз аракеттерди жаап жашыруу максатында кабыл алынгандыктан жогорудагы токтомду жокко чыгаруу жөнүндөгү Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катын карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-июлундагы 6-2 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |