Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-марты № 28/02
ООО «Скай Мобайл» компаниясына Кичик-Алай жана Чөгөм айылдарына мобилдик интернет антеналарын орнотуу үчүн ижаралык негизде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 2-маселе боюнча ООО «Скай Мобайл» компаниясынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдарына 3 G мобилдик интернет антеналарын орнотуу үчүн ижаралык негизде жер аянты ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ООО «Скай Мобайл» компаниясынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдарына мобилдик интернет антеналарын орнотуу үчүн ижаралык негизде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү сунушу канаатандырылсын.
2. Интернет антеналарын орнотуу үчүн ижаралык негизде мыйзамда көрсөтүлгөн таризде жер аянтын ажыратып берип, келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |