Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-апрели № 29/01
Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги 5.48 га жайыт, жана таштуу жайыт жер аянтын « Cиньжи- Пирим» ЖЧКна ижаралык негизде эки тараптуу келишим менен 49 жылган берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жана таштуу жайыт жерден 5.48 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна ижаралык негизде эки тараптуу келишим менен 49 жылган берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 0,94, таштуу жайыт жерден 4,54 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна жатакана жана электрподстанция куруу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде ажыратып берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушу канаатандырылсын.
2. Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 0,94 га жана таштуу жайыт жерден 4,54 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна жатакана жана электрподстанция куруу үчүн эки тараптуу келишим менен ижаралык негизде 49 жылдык мөөнөткө ажыратып берилсин.
3. Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Жатакана жана электрподстациясын куруу, анын материалдык техникалык базасын чыңдоо жана жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү «Синь- Пирим» ЖЧКна жүктөлүсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |