Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/02
Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги 22 га таштуу жайыт жердин топурагын изилдеп, топурактын анализин алуу максатында казуу иштерине уруксат сурап кайрылган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жана таштуу жайыт жерден 22 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна топурагын изилдеп, топурактын анализин алуу максатында казуу иштерине уруксат сурап кайрылган арызын карап бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жана таштуу жайыт жерден жайыт жерден 22 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна топурагын изилдеп, топурактын анализин алуу максатында казуу иштерине уруксат сурап кайрылган арызын карап бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушу канаатандырылсын.
2. Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жана таштуу жайыт жерден жайыт жерден 22 га жер аянтын «Синьжи - Пирим» ЖЧКна топурагын изилдеп, топурактын анализин алуу максатында казуу иштерин жүргүзүп бүткөндөн кийин казылган жерлерди кайрадан көмүп калыбына келтирүү милдети «Синьжи - Пирим» ЖЧКна жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |