Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/04
Бийик тоолуу Күндөлүк айылына ФАП жана мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча айыл тургундарынын жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Бийик тоолуу Күндөлүк айылынын тургундарынын айылда мечит жана ФАП жок болгондуна байланыштуу, ФАП жана мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө жазган арызын карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бийик тоолуу Күндөлүк айылынын тургундарынын Күндөлүк айылында ФАП жана мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө жазган арызы канаатандырылсын жана тийиштүү болгон жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Күндөлүк айылында ФАП жана мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жана документацияларды даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |