Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/08
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын ички жолдорунан айыл өкмөтү менен макулдашылбаган оор жүк ташуучу машиналарга жүрүүгө тыюу салуу жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын ички жолдорунан айыл өкмөтү менен макулдашылбаган оор жүк ташуучу машиналарга жүрүүгө тыюу салуу жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап жана талкуулап Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын ички жолдорунан айыл өкмөтү менен макулдашылбаган оор жүк ташуучу машиналарга тыюу салынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн аймактык тескөөчүлөрүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |