Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/09
Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 3 га жер аянтын «Синьжи- Пирим» ЖЧКна кирпич завод куруу үчүн ижаралык негизде 49 жылдык мөөнөт менен ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги А.Анаров айыл өкмөтү менен чектешкен жайыт жерден «Синьжи- Пирим» ЖЧКна 3 га жер аянтын кирпич завод куруу үчүн сураган арызын карап, бекитип берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден «Синьжи- Пирим» ЖЧКна 3 га жер аянтын кирпич завод куруу үчүн ижаралык негизде 49 жылдык мөөнөт менен бекитип берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушу канаатандырылсын.
2. Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Кирпич завод куруу анын материалдык - техникалык базасын чыңдоо жана жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү «Синьжи-Пирим» ЖЧКна жүктөлүсүн.
4. Араван райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы аталган 3 га жайыт жер аянтын, «Айыл чарба багытындагы жерлер түрүнөн», «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуунун жана башка түрдөгү жерлер» түрүнө которуу боюнча токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |