Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/10
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө дыйканчылык зонасындагы РИИБ пайдаланып жүргөн 3 га бакты жер аянты менен мыйзам чегинде ижарага берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө дыйканчылык зонасындагы РИИБ пайдаланып жүргөн 3 га бакты жер аянты менен мыйзам чегинде ижарага берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушун карап жана талкуулап, Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө дыйканчылык зонасындагы РИИБ пайдаланып жүргөн 3 га алма бак жер аянты менен мыйзам чегинде ижарага берилсин .
2.Ижарага берүү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тийиштүү документерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Керме-Тоо айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Трага | А. Тажибаев |