Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/11
Араван РИИБнин Гүлбаар айылындагы аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Рыскулов Кубатали Азизбековичке турак-жай үчүн мыйзам чегинде Кең-Сай массивинен жер аянтын карап бүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Араван РИИБнин Гүлбаар айылындагы аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Рыскулов Кубатали Азизбековичке Кең-Сай массивинен турак-жай куруу үчүн жер аянтын карап берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушун карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Араван РИИБнин Гүлбаар айылындагы аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты Рыскулов Кубатали Азизбековичке турак-жай куруу үчүн үчүн Кең-Сай массивинен жер аянтын карап берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Шерматовдун сунушу канаатандыруусуз калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Трага | А. Тажибаев |