Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 29/12
Ош-Араван жолунун боюнан, Жеңиш участкасында жайгашкан жеңил типтеги соода түйүнүнүн артынан Жолдошова Айнурага ашкана үчүн ижаралык негизде жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасындагы Ош-Араван жолунун боюнда жайгашкан жеңил типтеги соода түйүнүнүн артынан айыл тургуну Жолдошова Айнура ашкана үчүн ижаралык негизде жер аянтын ажыратып берүүнү сурап кайрылган арызын карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлбаар айылынын тургуну Жолдошова Айнуранын Жеңиш участкасында жайгашкан жеңил типтеги соодо түйүнүнүн артынан ашкана үчүн ижаралык негизде жер аянтын ажыратып берүүнү жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
2.Тийиштүү документтерди жасап берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |