Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 30/01
Бийик тоолуу Чөгөм айылындагы № 14 «Чөгөм» орто мектебине Боронбаев Осондун атын ыйгаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, № 14 «Чөгөм» орто мектебине Боронбаев Осондун атын ыйгаруу жөнүндөгү Бийик тоолуу Чөгөм, Кичик-Алай айылдарынын жалпы элдик жыйынынын протоколдорун жана № 14 «Чөгөм» орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин протоколун карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.№ 14 «Чөгөм» орто мектебине Боронбаев Осондун атын ыйгаруу жөнүндөгү бийик тоолуу Чөгөм,Кичик-Алай айылдарынын тургундарынын жана № 14 «Чөгөм» орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин сунуштары колдоого алынсын.
2. № 14 «Чөгөм» орто мектебине Боронбаев Осондун аты берилсин.
3.Бул токтомду бекитип берүү жагы Араван райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | А. Тажибаев |