Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 30/04
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңыдан уюштулган “Айгүл” балдар бакчасын каттоодон өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын Керме-Тоо айылдык кеңеши, күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан уюшулган “Айгүл” балдар бакчасын каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап жана кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан уюшулган ”Айгүл” балдар бакчасы мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Балдар бакчасын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү болгон документтерди даярдап,областык юстиция башкармалыгынан жана райондук мамлекеттик салык инспекциясынан каттоодон өткөрүү милдети № 48 «Гүлбаар» орто мектебинин директору А.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |