Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 30/05
Кичик –Алай айылындагы Тамдыкол жайлоосуна өтүүчү көпүрөнү салууга уруксат берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Кичик –Алай айылындагы Тамдыкол жайлоосуна өтүүчү көпүрөнү салууга уруксат берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж. Тагаевдин сунуш катын карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кичик–Алай айылындагы Тамдыкол жайлоосуна өтүүчү көпүрөнү салууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |