Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын27-июну № 30/06
Гүлбаар айылынын тургуну Пирназаров Бакытбектин Ош - Араван жолунун боюнан Кароол-Дөбө участкасындагы жайыт жерге эс алуу жай кылуу үчүн жер аянтын ижаралык негизде берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча,Ош - Араван жолунун боюнан Кароол-Дөбө участкасындагы жайыт жерге эс алуу жайы кылууга уруксат сурап арыз менен кайрылган Гүлбаар айылынын тургуну Пирназаров Бакытбектин арызын карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлбаар айылынын тургуну Пирназаров Бакытбектин Ош - Араван жолунун боюнан Кароол-Дөбө участкасындагы жайыт жерге эс алуу жай кылуу үчүн жер аянтын ижаралык негизде берүү боюнча жазган арызы мыйзам чегинде канаатандырылсын.
2.Жайыт комиттети менен келишим түзүү жана тийиштүү иш кагаздарын жана документацияларды даярдоо жагы Пирназаров Бакытбекке жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |