Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июну № 30/07
Бийик тоолуу Байдам-Тал айылындагы саздак жерге балык өстүрүү үчүн жер аянтын ажыратып берүү боюнча айыл тургуну Мурзакулова Сонунбү Жаанбаевнанын жана Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө аймагындагы саздак жерге балык өстүрүү үчүн айыл тургундары Шамуратов Абдилашим жана Мадрисов Байсалбектердин арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча,Бийик тоолуу Байдам-Тал айылындагы саздак жерге балык өстүрүү үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл тургуну Мурзакулова Сонунбүнүн жана Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө аймагындагы саздак жерге балык өстүрүү үчүн айыл тургундары Шамуратов Абдилашим жанаМадрисов Байсалбектерге жер аянтын ажыратып берүү сунушу менен кайрылган жайыт комитетинин төрагасы Ж.Тагаевдин сунушун карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байдам-Тал айылынан саздак жерге балык өстүрүү үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Мурзакулова Сонунбү Жаанбаевнанын арызы канаатандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жайыт көмитетинин төрагасы Ж.Тагаевдин сунушу канаатандырылып, айыл тургундары Шамуратов Абдилаким жана Мадрисов Байсалбектерге, Гүлбаар айылынын Кароол-Дөбө аймагындагы саздак жерден балык өстүрүү үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен келишим түзүү жана тийиштүү иш кагаздарын (документацияларды) даярдоо жагы Мурзакулова Сонунбү Жаанбаевнага жана Шамуратов Абдилаким жана Мадрисов Байсалбектерге жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |