Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын27-июну № 30/08
Гүлбаар айылындагы Пахта-Арал жана Жаштык участкаларындагы жер астынан суу чыгып кетип пайдаланууга жараксыз болгон айыл чарба багытындагы 8,26 га сугат үлүш жерлерин кайрадан үлүш ээлерине кайтаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, Керме-Тоо айылдык кеңешинин 10.05.2000–жылдагы II чакырылышышын III сессиясынын № 3-5 токтому менен Гүлбаар айылындагы Пахта-Арал жана Жаштык участкаларындагы жер астынан суу чыгып кетип пайдаланууга жараксыз болгон айыл чарба багытындагы 8,26 га сугат үлүш жерлери кайрадан суу тартылып, пайдаланууга жарактуу абалга келгендиктен үлүш жери катары пайдалануу үчүн үлүш ээлерине кайтаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси А.Шерматовдун сунушун карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылындагы Пахта-Арал жана Жаштык участкаларындагы жер астынан суу чыгып кетип пайдаланууга жараксыз болгон айыл чарба багытындагы 8,26 га сугат үлүш жер аянттары кайрадан суу тартылып пайдаланууга жарактуу абалга келгендигине байланыштуу, үлүш жери катары пайдалануу үчүн үлүш ээлерине кайтарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык маселелер боюнча башкы адиси А.Шерматовго жүктөлсүн.
Трага | А. Тажибаев |