Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 31/1
Жаңы-Жол айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун 2016-жылдын 30-июлундагы №1 токтомун бекитип берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Жол айылынын тургундарынын мүлктүк үлүшүнө тийген Жаңы-Жол айылындагы складды Жаңы-Жол айылынын жаштарына, ал эми ошол складдын ээлеп турган ордуна жана айланасындагы бош турган айыл айыл чарба багытына кирбеген жер аянтын Жаңы-Жол айылынын тургундарына жана жаштарына ден-соолукту чыңдоочу комплекс куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүнү суранышкан. Себеби Жаңы-Жол айылы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында калкынын саны боюнча биринчи орунда турат.
Жаңы-Жол айылынын элинин жана жаштарынын талабы складдын ордуна жана айланасындагы бош турган айыл айыл чарба багытына кирбеген жер аянтынан спорттук комплекс куруу үчүн жер ажыратып берүүнү айылдык Кеңештен токтомдорду бекитип берүүнү жана Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынан ошол складдын ээлеп турган ордуна жана айланасындагы бош турган айыл айыл чарба багытына кирбеген жер аянтынан спорттук комплекс куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө чечим даярдап берүү жагы суралган. Айылдык Кеңештин эл депутаттары күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тургундарынын жана жаштарынын мүлктүк үлүшүнө тийген складдын курулуш материалдарын жаштарга үлүштүк салым катары, ал эми складдын ордуна жана айланасындагы бош турган айыл чарба багытына кирбеген жер аянтына спорттук комплекс куруу үчүн тийиштүү болгон жер аянтына чечим даярдап берүүнү сураган арыздары канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын тургундарынын мүлктүк үлүшүнө тийген складдын ордуна жана айланасындагы бош турган айыл чарба багытына кирбеген жер аянтына чечим даярдап, чыгарып берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жол айылынын тургундарынын жабык спорт комплексине тийиштүү документтерди жасап берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жер жана агрардыкмаселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |