Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 31/3
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жеңиш,Манас,Жаңы-Жол,Бирлик,Пахта-Арал,Жаңы-Жол,Соколок айылдарына айыл статусун берүү боюнча тийиштүү документерди даярдоо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары,күн тартибиндеги Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жеңиш, Манас, Жаңы-Жол, Бирлик, Пахта-Арал, Жаңы-Жол,Соколок айылдарына айыл статусун берүү боюнча тийиштүү документерди даярдоо жана тийиштүү акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жеңиш,Манас,Жаңы-Жол,Бирлик,Пахта-Арал,Жаңы-Жол,Соколок айылдарына айыл статусун берүү боюнча тийиштүү документерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана тийиштүү документтерди даярдоо үчүн тийиштүү акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ал эми тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мурзаевге жана айыл өкмөтүнүн Финанс экономикалык бөлүмүнө (А.Рысбаева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |