Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № 31/9
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси боюнча маалымат топтомдорун жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталыштарын бекитүү жөнүндө
Керме -Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси боюнча маалымат топтомдорун жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталыштарын бекитүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси боюнча маалымат топтомдорун жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталыштары бекитилсин.
2. Бул токтомдук аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн укуктук –уюштуруу жана маалымат жана маалымат менен камсыз кылуунун негизги маселелерин жүргүзүү бөлүмүнө ( А.Шамуратов), тийиштүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мурзаевге жана айыл өкмөтүнүн Финанс экономикалык бөлүмүнө (А.Рысбаева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |