Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 2
“Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2015-жылы пайдаланылбай калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө”
Талдуу-Булак айыл өмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2015-жылы пайдаланылбай калган бюджеттик акча каражатынан 759,2 миң сом жана атайын каражат эсебиндеги 15,0 миң сом, баардыгы болуп 774,2 миң сом акча каражатын 2015-жылда чыгымдоо жөнүндө КЭБ башчысы К.Таджибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2015-жылы пайдаланылбай калган бюджеттик каражат эсебинен 759,2 миң сом жана атайын каражат эсебинен 15,0 миң сом баардыгы болуп 774,2 миң сом акча каражатын, 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин I-кварталына:
70111-бөлүмүнүн, 2215-“Башка тейлөө кыматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар” статьясына 300,0 миң сом, 2222-“Учурдагы чарбалык максаттар” статьясына 50,0 мин сом, 3112-“Машиналар жана жабдуулар” статьясына 30,0 миң сом,
70821-“Катепканалар” бөлүмүнүн 2221-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясына 9,2 миң сом,
70823-“Маданият” бөлүмүнө 2221-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясына 10,0 миң сом,
70911-“Мектепке чеийнки билим берүү” бөлүмүнүн, 2215-“Башка тейлөө кыматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар” статьясына 10,0 миң сом, 2221-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясына 20,0 миң сом, 3111-“Имараттар жана курулуштар” статьясына 60,0 миң сом,
70921-“Орто мектептер” бөлүмүнүн 2215-“Башка тейлөө кыматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар” статьясына 100,0 миң сом, 2221-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар статьясына 70,0 миң сом, 3111-“Имараттар жана курулуштар” статьясына 100,0 миң сом, баардыгы бюджеттик акча каражаты 759,2 мин сомго.
Атайын каражаттар эсебинен 70911-“Мектепке чейнки билим беруу” бөлүмүнүнүн 2218-“Тамак-аш сатып алуу” статьясына 15,0 сомго, баардыгы болуп 774,2 миң сомго көбөйтүлсүн.
2.Бул токтом Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү менен макулдашылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Таджибаевке жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |