Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча территориалдык бөлүмү. Бюджеттин тузулушу жана аткарылышы боюнча 01.01.2015 жылдан 31.12.2015 жылга чейинки аудиттин текшерүү мезгилинде максатсыз пайдаланылган акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад,жана Баткен областары боюнча территориалдык бөлүмү. Бюджеттин тузулушу жана аткарылышы боюнча 01.01.2015 жылдан 31.12.2015 жылга чейинки аудиттин текшерүү мезгилинде максатсыз пайдаланылган акча каражаты боюнча Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн. КЭБнүн башчысы К.Таджибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча территориалдык бөлүмү, Бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча 01.01.2015 жылдан 31.12.2015 жылга чейинки аудиттин текшерүү мезгилинде максатсыз пайдаланылган: 2111-“Эмгек акы төлөө”статьясынан 1,5 миң сом, 2222-“Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” статьясынан 1,5 миң сом,3111-“Имараттар жана курулуштар” статьясынан 4,2 миң сом жана 2215-“Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” статьясынан 5,6 миң сом баардыгы болуп 12,8 миң сом акча каражаты 2016-жылга түзүлгөн бюджетинен кыскартылсын.
2. Бул токтомдун негизинде кабарлама билдирүү жазып Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү аркылуу 2016-жылга түзүлгөн сметасынан кыскартуу жагы КЭБнүн башчысы К.Таджибаевке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу КЭБнүн башчысы К.Таджибаевке тапшырылсын.
4.Талдуу-Булак айылдык аймагынын кекилик участкасындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин шалы эгилүүчү аянтка торук өткөрүү токтотулуп, конкурстук негизде пайдаланууга берилсин.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |