Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-февралы № 7
Айылдык Кеңештин депутаты Т. Арзыматовдун билдирүүсү жөнүндө
Айыл аймагына инвестиция тартуу боюнча өткөрүлүүчү окуутренингдерге катышууга барып келүү жол чыгымдарын төлөп берүү боюнча айылдык Кеңештин депутаты Т. Арзыматовдун билдирүүсүн угупжана талкуулап Талдуу- Булак айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу- Булак айыл аймагына инвестиция тартуу максатында, өткөрүлүүчү окуу тренингтерге катышуу үчүн, айыл тургундарынан баруучу өкүлдөргө, барып келүү жол чыгымдары, айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында райондук электр тармактары ишканасынан, сатуудан алынуучу салыкты өндүрүү иштери алып барылсын.
4. Райондук электр тармактары ишканасы менен эсептешүү Каржы бөлүмүнүн башчысы К. Таджибаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |