Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-апрели № 1
Талдуу- Булак айыл аймагынын тарыхын жазуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу- Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл аймагынын тарых жазуу боюнча комиссия курамы бекитилсин.
2. Тарых жазууда комиссия курамына так, калыс иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду тиркемеси менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |