Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-апрели № 2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылда аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январынан N 30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамын жетекчилике алып, Талдуу-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А. Сатыбалдиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы А. Сатыбалдиевтин 2015-жылда аткарган иштери канатандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү менен биргеликте жыйын өткөрүп, тез арада жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысын шайлоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду тиркемеси менен бирге расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Матише |