Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-апрели № 4
Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июну N 45 “Жер кодексинин” 8-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Жогоку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнунан N 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону” жетекчилике алып, Каба айылынын Кекилик участкасынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Талдуу- Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айылдык аймагынын кекилик участкасындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин шалы эгилүүчү аянтка торук өткөрүү токтотулуп, конкурстук негизде пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |