Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-апрели № 7
Айылдык кеңештин депутаты Т. Арзыматовтун билдирүүсү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Т. Арзыматовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында райондук электр тармактары ишканасынан, сатуудан алынуучу салыкты өндүрүү иштери алып барылсын.
2. Райондук электр тармактары ишканасы менен эсептешүү Каржы бөлүмүнүн башчысы К. Таджибаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнөндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |