Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июлу №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014ж № 715-токтомун жетекчиликке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж № 715 токтомуна ылайык.Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнку мамлекеттик ыйгарым укуктарды кабыл алуу менен Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисиясынын корутунду билдирүүсүнө негиз Талдуу-Булак айыл өкмүтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү ыйгарым укуктарды алуу менен, КР өкмөтүнүн 19.12.2014ж.№ 715-токтомуна ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүүнүн финансылык каражаттарды КР финансы министирлигинин Республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнүшүнө макулдук берилсин.
2. КРнын Өкмөтүнүн 19.12.2014ж № 715-токтомун турмушка ашыруу жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловго жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Таджибаевке тапшырылсын.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Матишев |