Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 3
“Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын суу насосторун сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 11 жана 19-беренелерине ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 01.06.2016-жылдагы №06-01/1276-сандуу катын жана “Жалал-Абад-Баалоо консалтинг-маалымат борбору” жоопкерчилиги чектелген коомунун баалоо боюнча берген корутундусун шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын балансындагы эскилиги жеткен пайдаланылбай турган Grundfos NB 50-250/254 үлгүсүндөгү 4 даана суу насосун, Grundfos NB 80-200/221 үлгүсүндөгү 2 даана суу насосун жана Grundfos үлгүсүндөгү 2 даана башкаруу калканчасын сатууга уруксат берилсин.
2. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысына (А.Мусаев) эскилиги жеткен суу насосторун сатуу үчүн керектүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде аукцион аркылуу сатуу жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылщгандыгы тууралуу маалыматты мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө шаардык кеӊешке берүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |