Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 4
Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобосунун жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
Иманкулов Абдыгали Нарыбаевич - Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы;
Таштемиров Акрамжан Набиевич - Жалал-Абад областтык сотунун судьясы;
Шералиев Мелисбек Жороевич - Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
Адылов Бакытбек Адылович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Көчөков Максутали Салиевич - Жалал-Абад областтык мамлекеттик архивинин директору;
Амиракулов Рустамбек Рахманалиевич - Жалал-Абад областтык жана шаардык бириккен «Баткен ардагерлер кеӊешинин» төрагасы;
Токтосунова Назиркан – Жалал-Абад шаарынын № 1 Үй-бүлɵлүк дарыгерлер тобунун дарыгери;
Баев Койонали Токторалиевич – Жалал-Абад шаарынын «Достук» аймактык башкармалыгынын №6-кварталдык комитеттин тɵрагасы.
2. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Абдурасулова) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |