Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 5
Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү жана жаӊы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна таянып жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Пахта көчөсү акын, драматург, сынчы Мухтар Борбугуловдун (лат. Muhtar Borbugulov) ысымына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын Индустриальная көчөсү Кыргыз Эл жазуучусу Шабданбай Абдрамановдун (лат. Shabdanbay Abdramanov) ысымына өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарынын Строителей көчөсү «Мамыр баатыр» (лат. Mamyr Baatyr) аталышына өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов атындагы аймактык башкармалыгынын 10-көчөсү Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасына эмгек сиӊирген ишмер, Данк медалынын ээси Эрмамат Осмоновдун (лат. Ermamat Osmonov) ысымы ыйгарылсын.
5. Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов атындагы аймактык башкармалыгынын Загорная көчөсүнүн аталышы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Жолон Жусупбековдун (лат. Jolon Jusupbekov) ысымына өзгөртүлсүн.
6. Аталышы өзгөргөн жана жаӊы аталган көчөлөргө аншлагдарды даярдоо жана илүү коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына өзгөргөн көчөнүн аталышын даректик регистрге киргизүү жагы милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Абдурасулова) жүктөлсүн.
10. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |