Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 1-токтомуна өзгөртүү киргизүү жана үч эм төрөгөн Ш. Абдазовага батир алып берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын тургуну Ш.Абдазова үч эм төрөгөндүгүнө байланыштуу Жалал-Абад шаарынан батир алып берүү демилгесин көтөргөн шаардык кеӊештин депутаты Б.Исмаиловдун баяндамасын шаардык кеӊештин депутаттары талкуулап, 15.03.2016-жылдагы XXXII сессиясынын №1-токтому менен Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын мурдагы имаратын сатып алууга каралган акча каражаты чыгымдалбай келе жаткандыгын эске алышып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-жылдагы XXXII сессиясынын № 1 токтомунун 28 жана 29-пункттары жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын 2016-жылдын бюджетинин эсебинен шаардык прокуратурасынын мурдагы имаратын сатып алууга каралган 5300,0 миӊ сом акча каражатынын эсебинен 1000,0 миӊ сом Жалал-Абад шаарынын тургуну, үч эм төрөгөн Ш.Абдазовага жашоо аянты 40 м2 кем эмес көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып берүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасына (Б.Джусупбеков) бөлүнүп берилген акча каражатына Жалал-Абад шаарынын аймагынан бардык шарты бар батир алып, акысыз түрдө шаардын тургуну, үч эм төрөгөн Ш.Абдазованын жеке менчигине өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |