Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата атайын эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетундагы калган калдыкты иштелип чыгылган Долбоордун тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын эсептик счетундагы кирешелерине жана чыгашаларына 395,8 миң сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2016-жылга айыл өкмөттүн бюджеттинде 1-январга калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айыл өкмөтүнүн бюджеттин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы бекитилген суммага 2016-жылдын 1-январына атайын эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы А.Токоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |