Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-9
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КААБдын (Коомдук алдын алуу борбору) типтүү уставын жана жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КААБдын (Коомдук алдын алуу борбору) типтүү уставын жана жобосун бекитүү боюнча жөнүндөгү маселени туруктуу комиссияда талкуулап жана депутаттардын сессиясында карап чыгып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу КААБдын (Коомдук алдын алуу борбору) типтүү уставы жана жобосу бекитилсин.
2. КААБдын (Коомдук алдын алуу борбору) типтүү уставы жана жобосу боюнча иш алып баруу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн КААБдын Кеңешине милдеттендирилсин.
3. КААБдын уюмдаштыруу иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |