Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-9
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жайгашкан, элге кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалардын иш бөлмөлөрүн убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратында жайгашкан, элге кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалардын иш бөлмөлөрүн убактылуу пайдаланууга берүү боюнча депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө административдик имаратында жайгашкан, элге кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалардын иш бөлмөлөрү убактылуу пайдаланууга арендага акысыз берилсин жана оңдоо иштерине кеткен каражаттар өздөрүнүн эсебинен жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коминикация , таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |