Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-февралы № 23-12
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы чыгаан инсандарды жогорку мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктына негиз депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы төмөндөгү чыгаан инсандар көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эмгектеги алдыңкы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына сунушталсын :
1. Эргешова Идаят - пенсионер, мурдагы К.Каримов атындагы орто мектебинин мугалими.
2. Ашимова Карамат - “Жылдызча-Нур” балдар бакчасынын жетекчиси
3. Азимбаева Фарида - А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору
4. Нараев Зулумамат - Ноокат райондук ветернардык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн вет.инспектору.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмдин өнүктүрүү комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Турдуев |