Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-марты № 24-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы Таш-Булак участкасынан чек ара заставасын куруу үчүн № 2024 аскер бөлүгүнө жер ажыратып берүү жөнүндөгү №19-токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы Таш-Булак участкасынан чек ара заставасын куруу үчүн № 2024- аскер бөлүгүнө жер ажыратып берүү жөнүндөгү № 19 -токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын №2024-аскер бөлүгүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 4-64-катына негиз, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13, 27-беренелерине жана 2013-жылдын 15-июлундагы Жер участокторун которуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын № 145-мыйзамынын 12-беренесинин 4-пунктуна таянып депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы Таш-Булак участкасынан чек ара заставасын куруу үчүн № 2024 аскер бөлүгүнө жер ажыратып берүү жөнүндөгү № 19-токтому бекитилсин.
2. Ажыратылып берилүүчү жер аянтын трансформациялоого тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жанаэкология комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Турдуев |