Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 1
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2016-2018 жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын баалоонун жыйынтыгы жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2016-2018 -жылдарга түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүү планын баалоону жыйынтыгынын очетун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2016-2018-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын баалоо боюнча отчету «канатандыраарлык» деп табылсын.
2. Отуз-Адыр айылдык аймагынын 2016-2018-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планын баалоонун отчетунун негизинде жаңы өнүгүү планы иштелип чыгылсын.
3. Жаңы өнүгүү планын иштеп чыгууда айылдык аймактын аппарат кызматкерлеринен, коомчулуктан, айылдык кеңештин депутаттарынан жана коомдук уюмдардан түзүлгөн жумушчу топтун курамын, иштөө графигин бекитип берүү Отуз-Адыр айылдык аймагынын башчысы Т.Туйбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |