Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 2
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүүгө түзүлгөн ижара келишимдеринин мөөнөтү бүтө элек ижарачылар менен түзүлгөн келишимдердеги баштапкы ижара бааларды өзгөртүп, келишимдерди кайрадан түзүү жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баалары 2015-жылдын 17-ноябрында айылдык кеңештин VI-сессиясында кайрадан каралып чыгылып № 1 токтом менен бекитилгендигин эске алуу менен айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүүгө түзүлгөн ижара келишимдеринин мөөнөтү бүтө элек ижарачылар менен түзүлгөн келишимдердеги баштапкы ижара баалар айылдык кеңештин VI-сессиясынын №1 токтому менен бекитилген баштапкы ижара бааларына өзгөртүлүп, келишимдер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен кайрадан түзүлсүн.
2. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жолу менен ижара келишимдерин кайрадан түзүүгө мүмкүн болбой калган учурда маселе соттун кароосуна өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүн жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адамов)
Төрага | А. Беделов |