Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 4
Отуз-Адыр айыл өкмөтү менен« Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакирдин ортосунда кайра бөлүштүрүү фондунун жерине түзүлгөн ижара келишимин бузуу жөнүндө»
2015-жылдын 20-ноябрында айылдык кеңеш тарабынан катталган Тажибай айылынын тургундарынын арызынын жана жогорудагы арыздын негизинде айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 2015-жылдын 25-ноябрында өткөрүлгөн отурумунун протоколунун негизинде кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн Жоболору одоно бузулгандыгын белгилеп айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү менен «Кутман» фермердик чарбасынын жетекчиси Абдиев Шакирдин ортосунда кайра бөлүштүрүү фондунун жерине түзүлгөн ижара келишими бузулсун.
2. Ушул токтомдун бузулуш жагын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адашов Алмазга жүктөлсүн.
Төрагасы | А. Беделов |