Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 5
«Отуз-Адыр айылынын көчөлөрүнө көчө чырактарын койдуруу үчүн долбоор даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Алдраков Сырбектин Отуз-Адыр айылынын көчөлөрүнө көчө чырактарын койдуруу үчүн долбоор даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан Отуз-Адыр айылынын көчөлөрүнө көчө чырактарын койдуруу үчүн долбоор дардатууга 150,0 (бир жүз элүү ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы 150,0 (бир жүз элүү ) миң,сом айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган акча каражатынын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (У. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |