Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 6
«Айыл өкмөтүнүн өздүк сайтын ачуу маселеси жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчысы А.Зикировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн өздүк сайтын ачуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 20,0 (жыйырма) миң,сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы 20,0(жыйырма)миң сом айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган акча каражатынын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(У.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |