Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 2
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө чарбалык иштерди жүргүзүүдө, элдик майрамдарды өткөрүүдө, даталуу күндөрдү белгилөөдө керектелүүчү материалдык баалулуктардын киреше жана чыгашасына көзөмөл жүргүзүүчү комиссиянын курамын түзүү боюнча сунуш киргизүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Алдраков Сырбектин Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө чарбалык иштерди жүргүзүүдө, элдик майрамдарды өткөрүүдө, даталуу күндөрдү белгилөөдө керектелүүчү материалдык баалулуктардын киреше жана чыгашасына көзөмөл жүргүзүүчү комиссиянын курамын түзүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңеш Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө чарбалык иштерди жүргүзүүдө, элдик майрамдарды өткөрүүдө, даталуу күндөрдү белгилөөдө керектелүүчү материалдык баалуулуктардын киреше жана чыгашасына көзөмөл жүргүзүүчү комиссиянын курамын төмөндөгүдөй тартипте түзүүнү сунуштайт:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
2. Айыл өкмөтүнүн юристи.
3. Айылдык кеңештин үч депутаты.
4. Аксакалдар сотунун төрагасы.
5. Айыл башчы же айыл өкмөтүнүн адиси.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т. Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |