ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз VIII-сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)
2016-жылдын 24-февралы № 3
«Жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин № 337 жана № 339 статьяларын эске алуу менен Отуз-Адыр айылдык аймагындагы жер салыгынын базалык ставкасын карап чыгып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата Отуз-Адыр айылдык аймагында жер салыгынын базалык ставкасы мурдагы 2014 жана 2015 жылдардагы деңгээлде калтырылсын (гектарына 428,75 сом).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т. Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (У. Атабаев).
Төрагасы | А. Беделов |