Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № 4
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган 1219.545 миң. сом акча каражатынын эсебинен 2016-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Камчыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 1219,545 миң. сом акча каражатынын эсебинен
а) Савай-Арык айылындагы ФАПтын имаратын ремонттоо үчүн-150 миң. сом.
б) Кыш-Абад айылындагы № 102 М.Тешебаев орто мектебинин полдорун ремонтттоо үчүн -250 миң. сом.
в) Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» участкасынын Ак-Тилек көчөсүнө трансформатор сатып алып койдуруу үчүн -300 миң сом.
г) Айыл аймагынын жети айылынын жаңы чектерине электр чубалгыларын тартуу үчүн столбаларды орнотууга -300 миң. сом.
д) Жооптуу катчынын кабинетине ( инвентарларды ) эмеректерди сатып алуу үчүн -50 миң. сом.
е) Кара-Суу райондук шааркурулуш жана архитектура башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык Отуз-Адыр айылы үчүн топографиялык материалдарды даярдоого жана айылдын схематикалык картасын түзүүгө-84, 545 миң. сом.
ж) Отуз-Адыр айылдык аймагынын айыл чарба жерлерин каттоо иштерин жүргүзүү үчүн -50 миң. сом.
к) Кызыл- Абад, Кыш-Абад жана Савай-Арык айылдарынын айыл башчыларына аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштуруу үчүн печать, штамп алууга, кабинеттерге стол, стул сатып алууга-35 миң. сом.
Жыйынтыгы:
-1219,545 миң. сом.
Бардыгы болуп 1219,545 миң. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |