Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 1
«Айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу жерлерди жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу жерлер жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери башкы адис Базарбаев Төлөнбай жана жетектөөчү адис Калбаев Балтабайлар тарабынан такталсын.
2. Жогоруда аталган жерлердин такталгандыгы тууралу маалымат айылдык кеңештин X сессиясына билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)
Төрагасы | А. Беделов |