Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 3
«Патенттик негизде иш жүргүзүүчү жеке ишкерлерди аныктап, айылдык кеңешке маалымат берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы патенттик негизде иш жүргүзүүчү жеке ишкерлерди аныктоону жана алар жөнүндө маалымат даярдалышын камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы патенттик негизде иш жүргүзүүчү жеке ишкерлерди аныктап айылдык кеңештин X сессиясына маалымат даярдоо башкы адис Атамбиев Кубанычка тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У.Атабаев)
төрага | А. Беделов |