Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 4
«Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын ижара акыларын төлөөсү жөнүндө»
«Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омардин «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын ижара акыларын төлөөсү жана аталган чарбанын иштетип жаткан жерлери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн ижарага алып иштетип жаткан жерлери үчүн гектарына 1000сом өлчөмүндө ижара акы төлөсүн.
2. Ижара акын төлөөнүн гектарына 1000сомдон өлчөмү 2016-жыл үчүн гана күчүндө деп эсептелсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омарга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |