Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 5
«Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын иштетип жаткан жерлери жөнүндө»
«Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омардин «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасынын ижара акыларын төлөөсү жана аталган чарбанын иштетип жаткан жерлери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунан 123,0га сугат жер «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасына ижарага алып иштетүү үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. «Агро-Дан» үрөнчүлүк чарбасына өткөрүлүп берилген 123га сугат жердин 6 гектары айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбай тарабынан такталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А.Адашов)
Төрага | А. Беделов |