Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 7
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кара-Дөбө айылынын «Мечит» көчөсүнө Чамашов Абдулназирдин ысымын берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагынын айылдарынын тургундарынын Кара-Дөбө айылынын көчөлөрүнүн бирине айыл аймагындагы таза суу маселесин чечүүгө чоң салым кошкон Чамашов Абдулназирдин ысымын берүү жөнүндөгү кайрылууларын эске алып айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кара-Дөбө айылынын «Мечит» көчөсүнө Чамашов Абдулназирдин ысымы берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,тапшырууну талап кылган инстанцияларга жеткирүү айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (С.Алдраков)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басапы Мурзаев Асабидинге жүктөлсүн.
Төрагасы | А. Беделов |