Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 10
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган 172,0 миң сом акча каражатынын эсебинен 2016-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
2016-жылы Отуз-Адыр айылдык аймагында аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 172,0 миң.сом акча каражатынын эсебинен.
а) Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» участкасынын Ак-Тилек көчөсүнө трансформатор сатып алууга кошумча акча каражатын ажыратууга -118,0 мин.сом
б) Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кеңсесинде ремонт иштерин жүргүзүү үчүн керектүү инструменттердин топтомун, шаты,шланг сатып алууга -12,0 миң.сом кеңсенин тышкы жарыктандыруусуна -17,0 миң сом.
в) Жер аянттарын өлчөө үчүн ЖПС аппаратын сатып алууга -25,0 миң.сом жыйынтыгы, бөлүнүп берилсин -172,0 миң.сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |